• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эрмек Нургазиев адвокатка кол көтөрдү делген маалымат боюнча түшүдүрмө берди

9 Бирдин айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев адвокатка кол көтөрдү делген маалымат боюнча бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, аталган жактоочу күтүлбөгөн жерден чагымчылдыкка барган.

“Бул окуя 2019-жылдын 7-сентябрында болгон. Мен кооперативдин төрагасы болуп шайланган Бишкектин 8-кичи районундагы объекттин жер төлөсүн «Капитал Плюс» микрокредиттик компаниясы камакка алмакчы болгон. Ошол күнү үлүш ээлери менен болгон жолугушууга ал адвокат эч ким чакырбаса дагы келген. Сүйлөшүү учурунда ал кырдаалды козутуп, биринчи мени жаакка чаап жиберди, мен дагы жооп кайтардым. Бул окуядан кийин ал милицияга арыз жазган. Мен дагы арыз жаздым. Ошол эле күнү милицияга күбөлөр менин сөздөрүмдү тастыкташты. Ошентип чыр-чатак жөнгө салынган», — деди Нургазиев.

Количество просмотров: 768