Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев UWW Эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапка чыкты.
Жаңыланган рейтинг Түркиядагы биринчи Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.
Эске салсак, Стамбулда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Акматалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалга чыкты. Акматалиевдин эсебинде 45520 упай бар, бул дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.