• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Эртең Бишкекте карызы бар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлөт

30 Бугу 2022 10:55 Бишкек Govori.TV

Эртең, 31-майда “Түндүк электр” ААК электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн 7 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.

Андыктан компания ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

«Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Количество просмотров: 179