• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

25 Тогуздун айы 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-октябрында саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.

“Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.

Количество просмотров: 820