Эртең Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчөт
19 Чын куран 202113:55 Бишкек Govori.TV
Эртең, 20-апрелде, Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Батыш» суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9:00дөн кечки 22:00гө чейин муздак суу жок болот.
Суу берилбей турган аймактар:
- Садыгалиев, ЧЧК (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол менен чектеш аймактарда;
- Волков, Кустанай, Садыгалиев жана ЧЧК менен чектеш аймактарда;
- Кызыл-Аскерде;
- 110-кварталда;
- Достук кичи районунда.
Подписаться:
Количество просмотров: 198