• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

23 Тогуздун айы 202416:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, «ХБО» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 24-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Анкара — Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 178