• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

2 Жалган куран 2022 15:59 Бишкек Govori.TV

Эртең, 3-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында саат 08:00дөн 12:00гө чейин Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, түшкө чейин Чүй көчөсү Орозбековдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жана эски аянт — Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырат.

Количество просмотров: 135