• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт

12 Бугу 202311:21 Бишкек Govori.TV

Эртең, 13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт.

«Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат «, — деп билдиришти ишканадан.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө

Количество просмотров: 123