• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эртеңден тарта Ош шаарында жылуулук бериле баштайт

21 Тогуздун айы 202019:12 Бишкек Govori.TV

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тартып, 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 21-октябрда кол койгон.

«ЖЭБ жана “Жылуулук камсыздоо” ишканасы шаарга жылуулук берүүнү баштагандан кийин, 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагы толук жылуулук жетет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 75