• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Эртең Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

4 Чын куран 20239:14 Бишкек Govori.TV

 Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 5-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.

Количество просмотров: 87