• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Москва көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

31 Теке 202516:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн Москва көчөсүнүн Асаналиев  (Некрасов) көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп, жаңы бордюрлар орнотулуп, ысык асфальт төшөлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алган шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.

Количество просмотров: 131