• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Эртең сот». Мадумаров кайрылуу жасады… (Видео)

6 Аяк оона 2020 18:23 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров кайрылуу жасады. Анын видео кайрылуусу социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган.

Анда саясатчы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жазган арыздын негизинде соттук отурум болоорун айткан. Жана ошондой эле Мадумаров партияны мыйзамсыз эле шайлоодон четтетип коюшканын кошумчалаган.

Анын айтымында, юристтер менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын документтери кылдаттык менен кайрадан каралып чыккан, бирок эч бир туура эмес жер табылган эмес.

https://www.instagram.com/tv/CEyzQE7nwU2/?igshid=a9zra9csjsdg

Партия өкүлдөрү 3-сентябрда БШКнын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттабай койгон. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 1510