Бүгүн, 6-августта Париж Олимп оюндарында Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмак ченинде килемге чыкты.
Ал финалдык беттештерди 1/8 баскычтан баштап, алгач литвалык спортчуну жеңген. Кийинки баскычта ирандык Мохаммад Хади Саравиге 0:8 упай менен жеңилип, жарым финалга чыга алган эмес.
Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Хаберди жеңип, Жузупбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачылды.
Кыргызстандык балбан эми АКШдан келген Жозеф Патрик Рау менен 7-августта күрөшөт.