Эртең, 30-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалат.
Жыйындын күн тартибинде бир эле маселе каралат. Анда өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу маселеси бар.
Белгилей кетсек, 28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.