• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эртең Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

28 Аяк оона 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-сентябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. 2021-жылдын октябрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4843-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты;

3. «Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору;

4. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору;

5. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору;

6. «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору;

7. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору;

8. «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын долбоору;

9. «2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

10. «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

11. «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору;

12. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

13. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

14. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

15. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4683-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

16. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, «Күрөө жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4684-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

17. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

18. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн мапарламенткулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

19. 2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири боюнча Мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жөнүндө;

20. 2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири боюнча Мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жөнүндө;

21. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 112