• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эрулан Көкүлов: «Кайсы министрлик болбосун колуңарды көтөргүлө, коррупцияңар каякта экенин айтып берем»

9 Тогуздун айы 202412:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө карата нааразы пикирин айтты.

Депутаттын айтымында айрым аткаминерлер мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп жатат.

«Жогорку Кеңеш менен Министрлер кабинетинин ортосунда чоң пикир келишпестик жаралганы жатат. Силер абдан чоң жумуштарды аткарып жатасыздар. Коррупция менен күрөшүп атасыңар, мисалы Камчыбек Кыдыршаевичтин күнүгө бирөөнү камап жатканы интернетке чыгып жатат. Садыр Нуркожоевич деле жеринде силерди коюп, жакшы иштеп берсин деп атат. Болбой эле силер ишти жакшы жасай албай жатасыңар. Коррупция бүтпөй жатат. Анан эле, бир жерге барып, «жакшы болбой жатат» десең эле ызырынып, «силер кийлигишпегиле, антпегиле, минтпегиле» дейсиңер»,-деп нааразы болду депутат.

Количество просмотров: 302