Кардарлардын эсебиндеги акчалардын дайынсыз болуп жатканы техникалык мүчүлүштүк. Бул тууралуу MBank электрондук капчык кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, «КартСтандарт ПБ» ишканасында жаралган кыйынчылыктан улам эсептеги суммалар аз көрсөтүлүп жатат.
«Абал кечке чейин оңдолорун, бардык каражаттар калыбына келтирилет»,-деп жазылат маалыматта.
Социалдык тармактардын колдонуучулары аталган электрондук капчыктагы акчалары күтүүсүздөн жоголуп калганын жазышууда.