Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун окуясы боюнча автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, факты Сокулук РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Автобус айып короосуна киргизилди.


Эске салсак, кечээ Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду.