• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Эскертүү! Эртеңден тарта Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

4 Чын куран 202516:32 Бишкек Govori.TV

Эртеңден тарта борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.

Мэриядан маалымдашкандай, 2025-жылга карата пландын жана титулдук тизменин негизинде Токтоналиев көчөсүнүн Абсамат Масалиев проспектисинен “Жаштар кварталы” турак жай комплексине чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери башталат.

Буга байланыштуу №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, Ынтымак жана Калыс-Ордо конуштары багыты боюнча жүрөт.

Количество просмотров: 237