• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эскертүү катары 3 жолу ок чыгарган. Милиция «Эркечтам» бекетиндеги чыр-чатак боюнча түшүндүрмө берди

1 Аяк оона 202512:42 Бишкек Govori.TV

Ош облустук милициясы 31-августта Кытай менен чек арага жакын “Эркечтам” бажы аймагындагы окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайды кайтарган Ички иштер министрлигинин эки кызматкери менен кытайлык жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, кийин уруша кетишкен.

Милиция кызматкерлери эскертүү катары тапанча менен абага үч жолу ок чыгарган соң жаңжал басылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытай эл Республикасынын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн эки кызматкери РИИБге жеткирилип, суракка алынган. Алардын жараатын жана спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо учурунда Кытай Эл Республикасынын 6 жараны мас абалда экени аныкталган”, — деп жазылган маалыматта.

Окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 2343