• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эски аянтта милиция кызматкерлери чогулуп жатышат

5 Тогуздун айы 2020 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат. Акциянын катышуучулар мөөнөтсүз митинг жарыялашып, кайрадан шайлоо өткөрүү керектигин айтышууда.

Ал арада интернетте видео тасма тарап, милиция кызматкерлери эски аянтта топтолуп жатканы айтылды.

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/1054157258353670

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

Количество просмотров: 196