• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Эски жолго түшүп алдык». Депутат Түлөбаев президентке кайрылды

1 Чын куран 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Депутат Балбак Түлөбаев ЖК комитетинин жыйынында президентке кайрылуу жолдоп, электр энергиясын арзандатууну сунуштады. Депутат буга электр энергиясы боюнча элдин арасында нааразылык бар деген жүйө келтирди.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, мен сизге кайрылат элем. Кичине командаңыздан абайлаш керек болуп жатат. Жарыктын баасын кайра көбөйтүп жатат. Бул коркунучтуу нерсе, мындан өткөнбүз. Башында айтпадыңар беле, «ушул тарифти эле көбөйтүп берип койсоңор жарыкты кайра алып келбейбыз» деп. Эми экинчи, анан үчүнчү баскычы келеби? Элди кыдырып келдик, аябай нааразычылык көп”, — деди депутат.

Ошондой эле депутат өз сөзүндө, ар кайсы багыттагы насыялар жума сайын каралып жатканын кошумчалады. Ал сырттан насыя алынып жатканы менен жөнөкөй элге жетпей жатканын белгиледи.

Министрлер кабинети калкка электр энергиясынын баасын ушул жылдын июнь айында эмес, майдан тартып көтөрүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 380