• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Этегиңизди жыйып, эл менен болуңуз». Депутат Байсаловду сындады

20 Кулжа 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду сындады.

Жамгырчиев токтомдо көрсөтүлгөн бир дагы пункт аткарылбаганын белгилеп, Байсалов сын-пикирди туура кабыл алышы керектигин айтты.

«Качан келбеңиз, ушундай туура эмес жагдай жаратып кетесиз. Урмат-сыйды билиңиз. Келген сайын кагып-силкесиз. Этегиңизди жыйып, эл менен болуңуз. Биз президенттин “Жашыл мурас” аттуу жарылыгын колдоо максатында өз каражатыбыздын эсебинен Европадан 300 түп көчөт алдырып, отургузганбыз. Ошол көчөттөрдүн 30 пайызы соолуп калды. Себеби, ирригация жок. Ал иштер токтомдун негизинде эмдигиче аткарылышы керек болчу. Ирригациянын жоктуганан, ӨКМдин жана “Тазалыктын” унаалары менен бак сурагып жатышат. 21-кылымда ушундай кантип болсун? Мына, сиз көзөмөлдөгөн тармак. Эдил Жолдубаевич, талаша турган эч нерсе жок. Кызматыңыз бүгүн бар, эртең жок. Биз дагы иштегенбиз аткаруу бийлигинде. Андай үлгү берген туура эмес»,-деди Жамгырчиев.

Белгилей кетсек, жыйында “Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 11-майындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жаткан.

Количество просмотров: 159