• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуунун мөөнөтү узарды

26 Баш оона 202214:25 Бишкек Govori.TV

Этникалык кыргыздарды жогорку окуу жайларга кабыл алуунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, быйыл ЖОЖдорго чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.

Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркияда жарандары этникалык кыргыздар катыша алышат.

«Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды КР ЖОЖдоруна 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек», — деп айтылат маалыматта.

Окууга өткөндөр 2022-жылдын 2-сентябры саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Количество просмотров: 102