• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Евро-2020: Италия Испания менен беттеште жеңип чыкты

7 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

Италиянын футбол командасы Лондондогу “Уэмбли” стадионунда өткөн Испания менен беттешти жеңип, Европа чемпионатынын финалына чыкты.

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, жеңүүчү пенальти менен (4:2) аныкталды. Италия курама командасы 33 оюндан бери утула элек.

Жарым финалдын экинчи оюну дагы “Уэмблиде” бүгүн, 7-июлда Англия менен Дания ортосунда өтөт.

Англия курама командасы акыркы жолу 1996-жылы Европа чемпионатынын жарым финалына чыккан эле. Ошондогу беттеш да Лондондогу стадиондо өтүп, бирок англичандар Германияга утулган.

Эми Англия курама командасы финалга чыгуу үчүн Дания менен күч сынышат. Оюн убактысы Кыргызстандын убактысы боюнча түнкү саат бирде башталмакчы.

Количество просмотров: 93