• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Евробиримдик билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро которду

9 Тогуздун айы 2023 15:18 Бишкек Govori.TV

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро (665 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана.

Бул программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, гендердик теңчиликти жана көп тилдүү билим берүүнү илгерилетүү, мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтөт. Финансы министрлиги бул транштан түшкөн каражатты мындан ары билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу китептерин сатып алууга жана бардык мектептерде интернет менен камсыздоого жумшоону пландоодо.

«Баарына жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын негизги приоритети болуп саналат. Бул жардам Евробиримдиктин өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо боюнча милдеттенмесин чагылдырат», — деп билдирет Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Жозефсон.

Количество просмотров: 64