• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Евробиримдик Кыргызстанга 3 миллион евро бөлүп берди. Бул каражат кайда жумшалат?

11 Үчтүн айы 2024 11:43 Бишкек Govori.TV

​​2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн 3 миллион евро (295 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул гранттык каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялардын инновациялык борборунун ишине көмөк көрсөтүү, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында “Санарип-Аймак”/“Digital Aimak” системасын жайылтуу, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу.

Бул чөйрөдөгү бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Ошондой эле бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.

Количество просмотров: 56