Жаңы коргонуу планы, ReArm Europe шейшемби күнү, 4-мартта Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен тарабынан сунушталды. Бул тууралуу DW билдирет.
Анын айтымында, бул план Евробиримдик өзүнүн коргонуусу жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти алууга жана Украинага жардамды көбөйтүүгө даяр экенин көрсөтүп турат.
«Биз кайра куралдануу доорунда жашап жатабыз жана Европа өзүнүн коргонуу чыгымдарын олуттуу түрдө көбөйтүүгө даяр. Украинаны тез арада колдоо керек, ошондой эле өзүбүздүн европалык коопсуздук үчүн дагы бир топ жоопкерчиликти өз мойнубузга алышыбыз керек», — деди Еврокомиссиянын башчысы
Аталган план беш багытты камтыйт, алардын бири 150 миллиард евро кредиттик жаңы фондду түзүү. Евробиримдик өлкөлөрү үчүн аба жана ракетадан коргонуу, артиллериялык системалар, ракеталар жана ок-дарылар, дрондор жана учкучсуз учактардан коргонуу системалары жана кибернетикадан аскердик мобилдүүлүккө чейинки башка муктаждыктар сыяктуу коргонууга инвестициялоо багыттары кирген.
Фон дер Лейендин айтымында, жаңы фонд аркылуу Евробиримдиктин өлкөлөрү биргелешкен сатып алууларды жүргүзүп, Украинага аскердик техникаларды шашылыш жеткирип жана колдоону күчөтө алышат.
Жалпысынан алганда, ар кандай финансылык рычагдарды колдонуу менен ReArm Europe программасы Европанын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн 800 миллиард еврого жакын каражатты мобилизациялоого жөндөмдүү, деп эсептейт Еврокомиссиянын башчысы.
Фон дер Лейен 6-мартта Украинаны колдоо боюнча атайын саммиттин алдында Евробиримдиктин лидерлерине сунуш катын жөнөттү.
Еврокомиссиянын башчысы сүйлөөрдөн бир нече саат мурун АКШ президенти Дональд Трамп Украинага бардык аскердик жардамды токтоторун жарыялады.