• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Евробиримдиктин аймагында желим идиштерди колдонуу толугу менен токтотулат

25 Тогуздун айы 2018 13:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV
Европа парламенти желимден жасалган бир жолу колдонулуучу буюм-тайымдарга, анын ичинде идиш-аяктарга тыюу салуу демилгесин колдоду. Мыйзам 2021-жылдан баштап күчүнө кирип, Евробиримдиктин аймагында желим идиштери толук жок кылынат. Бул тууралуу Европарламенттин расмий сайты жарыялады.
Бул кескин кадамга аталган буюмдар дүйнөлүк деңиздердеги таштандылардын 70 пайызын түзүп, экологиялык тең салмактуулукту бузуудагы эбегейсиз таасири себеп болууда.
Ошондой эле бул континент 2025-жылга желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүнү 90%га жеткирүүнү жана тамекинин фильтрине колдонулчу желимди да 80 пайызга кыскартууну кароодо.
Эске сала кетсек, желим аралчалар дүйнөлүк сууда беш жерде түзүлүп калган. Тынч океанда эки жерде, Атлантикада эки аймакта жана Инди океанынын эл жыш жайгашкан континенттердин жээгине жакын бир жеринде пайда болгон. Бул деңиз жаныбарларын кундүн жарыгынан тосуп, ошол эле учурда уулуу заттар алардын курсагына киргенде өмүрлөрүнө коркунуч алып келет.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 25