• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Евробиримдиктин башкы комиссары Жозеп Боррел Кыргызстанга келди

3 Баш оона 202412:23 Бишкек Govori.TV

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Жозеп Боррел Кыргызстанда президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен жолугушат.

Азырынча кандай маселелер талкууланары белгисиз.

25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат. Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел жаңы келишим алакаларды бекемдөөгө жана тереңдетүүгө жол ачарын белгилеген.

Количество просмотров: 98