Бүгүн, 11-июлда (Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө) Европа чемпионатынын финалында Англия менен Италия беттешет.
Маалым болгондой, оюн Лондондогу «Уэмбли» стадионунда өтөт.
Кошумчалай кетсек, Евро-2020 былтыр 12-июндан 12-июлга чейин өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.