• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Европада мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр Бишкектеги кафе-ресторандарга сатылып келген

11 Теке 202512:06 Бишкек Govori.TV

УКМК мамлекеттин экономикалык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «элиталык импорттук продукция» деген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүү, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыштуу схеманы аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

№Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталган маалыматтарга ылайык, 10 жылдан ашуун убакыттан бери базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жараны 1988-жылы туулган З.С.Н., 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран, чет өлкөлүк сатуучулар менен жең учунан сүйлөшүп алып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан. Европадан – италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон. Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар «чет өлкөдөн келген деликатес» деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөрдүн дасторкондорунан орун тапкан», — деп жазылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, тинтүү учурунда, аталган компаниянын кампаларында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.

Компаниянын бардык иш-аракеттери токтотулуп, кеңселерине мөөрлөр басылып, «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. №1 ТКЖна киргизилди.

Учурда мыйзамсыз схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө иш-чаралары жана салыктык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 228