• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Европага виза ачып, жумушка орноштурам» деп элди алдаган шылуун кармалды

15 Баш оона 2023 12:27 Бишкек Govori.TV

Ошто «Европага виза ачып, жумушка орноштурам» деп жарандарды алдап, акчасын алып изин жарышып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бул жарандан жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү 1800 евродон беришкен. Шектүү негизинен Польша жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалаган.

Ош ШИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ош шаарына алып келинген. Ал Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну 1995-жылы туулган М.Ш. болуп чыккан. Учурда анын кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам иштер уланууда.

Ош ШИИБ жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо 0553-017-017 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранат.

Количество просмотров: 119