Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.
Европанын футбол Ассоциацияларынын бирлиги (УЕФА) 2018-19-жылдагы Европанын эң мыкты футболчусу наамына үч оюнчу татыды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайты жазды.
Маалыматта айтылгандай сезондун эң мыкты футболчулары катарында чабуулчулар Лионель Месси («Барселона»), Криштиану Роналду («Ювентус») жана коргоочу Вирджил ван Дейк («Ливерпуль») көрсөтүлдү.
Эске салсак, Европанын эң мыкты футболчусу наамы 29-августа расмий түрдө жарыяланат. Ал эми былтыркы жылы эң мыкты футболчу наамын “Реал Мадрид” клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич алган.