GovoriTV маалымат агенттигинин «Ойлон» долбоору адамдардын медиасабаттуулук деңгээлин арттырууга багытталган долбоорлордун бири.
“Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт.
Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупованын айтымында азыр адамдардын маалымат сабаттуулук компетенциясын арттыруу абдан маанилүү.
«Азыркы учурда медиа жана маалымат комитеттүүлүк деген талап бар. Эгерде адамдар кандайдыр жумушка орун орношордо же кандайдыр бир сынактарга катышууда ал адамдын медиа жана маалымат сабаттуулук компетенциясы барбы деген талап орун алып келе жатат. Бул эмне деген түшүнүк? Адам ошол маалыматты окуп жатканда аны талдай билеби. Бул чын же калп экенин айырмалай билеби, малымат булактарын талдай алабы? Азыр фейк малымат булактары да абдан көп. Ал эми ойлон долбоору адамдарды медиа жана маалымат сабаттуу деңгээлин жогорулатып, маалыматты талдай билүүнү, суроо берүүнү, сынчыл көз караш менен кароону үйрөткөн долбоорлордун бири болду», — деди ал.