Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Бир жума муран интернетте Бишкек шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников Россия жараны экендиги тууралуу маалымат тараган.
Бул тууралуу интернетке жарыяланган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүүгө арналган «factcheck.kg» сайты изилдөө жүргүзүп төмөнкүлөрдү аныктап чыгышкан:
-РФнын ИИМнин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын сайтында БШКнын депутатынын паспортунун сериясын жана номурун терип текшерип көрдүк. Биринчи кезекте жеке өздүгүн тастыктоочу документти издедик. Натыйжада РФнын ИИМнин сайтынын электрондук кызматтары аркылуу бизге керек серия жана номурлуу паспорт табылды.
-Бул паспорт Павел Десятниковго таандык экендигин текшерүү үчүн Россиянын жарандарынын идентификациялык номурун аныктоочу сервисти пайдаландык. РФнын федералдык салык кызматынын сайтындагы атайын форманы толтургандан кийин, чындыгында эле Десятников Павел Николаевич РФнын жараны жана салык төлөөчүсү экендигин ырастаган сериясы жана номуру, кошумча туулган жана документ берилген датасы көрсөтүлгөн паспорт табылды.
Эгерде берилген маалыматта бир эле тамгасынан жаңылса, сервис тескери жыйынтык берет. Ошентип, Бишкек шаардык Кеңештин депутаты РФнын жараны, РФнын салык төлөөчүсү катары да базада бар.
Изилдөөнүн натыйжасында «factcheck.kg» сайты, «БШКнын депутаты Павел Десятников РФнын жараны болуп саналат, анткени анда РФнын паспорту бар жана РФнын салык төлөөчүлөр базасында катталган; Мыйзам боюнча депутаттык мандатынан ажыратылышы керек»,-деген бүтүм чыгарышкан.
Эске салсак, Мыйзамдын 47-беренесине (“Мамлекттик жарандык жана муниципиалдык кызмат тууралуу”) ылайык, эгер КРдин жарандыгынан чыкканда же башка өлкөнүн жараны болгон учурда БШК депутаты өз ишмердигин токтотуу керек.