• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жапаров Бажы кызматынын жаңы төрагасына кандай милдет коюлганын айтты

27 Тогуздун айы 2021 13:37 Бишкек Govori.TV


Бажы кызматынын төрагалыгына жаңы дайындалган Адилет Кубанычбековго бажыдан түшкөн каражаттын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүү милдети коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

«Бажы кызматынан акча түшүүлөр боюнча быйылкы план 38 миллиард сом. Ошону эмдиги жылы 105 миллиард сомго көтөрөсүң деген милдет койдук. Быйылкы план боюнча эгерде Кытай айткан алгоритмди жүзөгө ашырсак, унаалардын санын эки эсе көбөйтөбүз. Кечээ 30 унаа «Эркечтамдан», 30 унаа «Торугарт» өткөрмө пунктарынан өттү дейт, канчасы өткөнүн бүгүн түшкө чейин тактап беришет. Жакынкы 10 күндүн ичинде жүк ташуучу унааларды 2 эсе көбөйтөбүз деп жатышат. Андай болсо бул жигит (жаңы төрага — ред.) күнүнө 100 машинадан өтө турган деңгээлге жеткириши керек», — деди Жапаров.

Эске салсак, кечээ, 26-октябрда Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага болуп Адилет Кубанычбеков дайындалган.

Количество просмотров: 303