Чилинин чек арасынан баңги заты менен кош бойлуу аял жана анын шериги кармалган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышкан.
Белгилүү болгондой, кош бойлуу аялдын шериги эки баштык баңги заты менен кармалган. Дал ошол учурда аялды дагы текшерүүгө алышат. Жыйынтыгында, анын крахмал пастасынан кош бойлуу аялдын курсагын жасап, ага 15 баштык баңги салып алганы маалым болгон.
Интернет колдонуучулар аларга “фантазиясы күчтүү контрабандисттер” деп ат коюп алышкан.
Учурда аларга кылмыш иши козголуп, тергөө иши уланууда.
Булак: Барс.медиа