“Анын ошол убакта таасири бар болчу. Анын азыркыга чейин Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бар. Аны акылдуу адам катары санап, айткандарын угушчу. Ал Жээнбековдун шайлоодогу штабын жетектеди. Азыр болсо коомдук фондду жетектейт. Ниязов — Атамбаев чексиз ишене турган адам. Жээнбеков жаңы президент болгондо Фарид Ниязов экөөнүн ортосундагы жаңжалга жол бербей койсо болот болчу”,-дейт Казакпаев.
“Низов тууралуу кандай сөздөр айтылса да, анын тажрыйбалуу саясатчы экендигин унутпашыбыз керек. Алардын достугун сактоо тууралуу айтып жатканы, демек анын ою жакшы эле болгонунан кабар берет. Ал өзүнүн ушул оюн айтуу менен тиги экөөнү элдешүүгө чакырып жаткандыр”.
«Ар кандай кыйын учурларда мен дайыма өзүмдү биринчи күнөөлөйм. Ошондой тарбия алгам. Ооба, мен экөөнүн ортосуна көпүрө боло албадым. Мен отставкага кетип жатып бул тууралуу экөөнө тең айттым. Бирок менин абийирим таза. Мен алардын достугун сактаганга колуман келишинче аракет кылдым. Менде андай мүмкүнчүлүк болгон же болбогондугун убакыт көрсөтөт. Убакыт өткөн сайын менде андай мүмкүнчүлүк такыр болбогондугуна ишенип баратам. Бирок, бул баары бир менин көкүрөгүмдү өйүгөн нерсени жок кыла албайт» — деди Ниязов.