Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.
6-апрелде КСДПнын XVIII съезди өтүп анын жыйынтыгында саясий кеңешинин жаңы курамы дайындалган. Ага Атамбаевдин тарапташтары деген Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов кирген эмес. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.
«Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана «Апрель» коомдук фондунун аткаруучу директору бойдон кала берет», — деди Жолдубаева.
Ал эми Илмиянов болсо парламенттик шайлоодон соң партиялыктын иштерден алыстагысы келерин билдирип, былтыр бул каалоосун ырастаган.
Жолдубаева ошого карабастан Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов КСДПнын мүчөсү бойдон кала берерин кошумчалады.
Ал эми кеңештин курамына киргендердин катарында ЖК депутаттары, абакта отурган Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков, жарандык активист Адиль Турдукулов, “Апрель” телеканалынын директору Дмитрий Ложников бар.