• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Фарид Ниязов Жээнбековдун басма сөз катчысына жооп кайтарды

10 Чын куран 201917:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.04.2019. Govori.TV.

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын жазгандарына жооп кайтарды.

“Бул интернет-постту мен Сооронбай Шариповичти актоо, коомдук пикирди алар үчүн жагымсыз болуп жаткан чыккынчылык темасынан алаксытуу аракети катары баалайм”,- деген Ниязов Жээнбеков КСДПнын президенттикке талапкерлеринин тизмесинде 2016-жылы эле биринчи орунда турганын жана үгүттөө иштери ырааттуу негизде жүргөнүн айтты.

Ниязов Атамбаев Жээнбековго Минскке барганда эки тараптуу жолугушуу жүргүзбөсүн деген талап койбогонун, тескерисинче, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, чек арадагы абал жөнгө салынганы үчүн сүйүнгөнүн билдирди.

“Ал эми чыккынчылык темасы экөөнүн ортосунда кийин гана пайда болчу. Андыктан анын маселени башкага оодара коюу аракети болбогон иш”,- деди Ниязов.

Эске салсак, Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Стамалиева 9-апрелде «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, «Атамбаевге жооп бербей, унчукпай койгон сайын анын дооматтарына макул болгондой элес калтырып жатабыз. Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат», — деген.

Количество просмотров: 13