• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Фейерверк менен коштолот. Эгемендүүлүк майрамынын программасы

31 Баш оона 2021 9:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт. Салтанаттуу парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери тартылыт.

Мындан сырткары, аянттан зооттолгон танка, БМП, БТР, артиллериялык аскер техникалары көрсөтүлөт. Аскердик парадга коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетекчилик кылып, аны Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алат.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрам кечинде концерттик программа менен уланат. Анда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды куттуктайт. Иш-чаранын соңунда майрамдык фейерверк атылат.

Количество просмотров: 171