• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Олимпиадада байге алган спортчулар «Ала-Тоо» аянтында эл менен жолугушат

6 Баш оона 202111:29 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын Кыргызстанга кайтып келишине карата Бишкектин Борбордук «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанат саат 13:00дө башталат. Анда Олимпиадада байге алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары эл менен жолугушат.

Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Количество просмотров: 206