• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Фейктер жөнүндө мыйзам. Депутат арызды кароо үчүн ЖМКга 3 күн берүүнү сунуштады

22 Бугу 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-майдагы социалдык саясат боюнча комитет кезектеги жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунун максаты менен тааныштырган депутат Жанар Акаев белгилегендей, «Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндө» мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюуну сунушталып, 3 жана 4-беренелерине өзгөртүү киргизилип жатканын белгиледи.

“Азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумуш топ карап туруп, актанууга негиз бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз”, — деди депутат Жанар Акаев.

Мында интернет сайттын ээси же интернет желесиндеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленүүдө.

Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан таратып 24 саат эмес 3 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Айбек Маткеримов жалган маалымат тараткандыгы үчүн ЖМКнын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин козгоп, Маданият министрлигин арыздарды адилет жана калыс кароого чакырды. Ал 3 күндүк мөөнөт өтө узак экенин билдирип, каршы пикирин айтты.

Депутат Чингиз Айдарбеков канча кайрылуу келип түшкөнүнө кызыкты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлинин орун басары Чынгыз Эсенгулов 2022-жылдан тарта министрликке 22 арыз келип түшкөнүн, анын көпчүлүгү ишкерлерден жана жарандардан келгенин билдирди.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Количество просмотров: 71