• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Фейсбук колдонбойт. Гүлзат Аалиева үй камагына чыкты

23 Чын куран 2021 17:09 Бишкек Govori.TV

Диний кастыкты козуткан деген шек менен кармалган Гүлзат Аалиева эки айга үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка караганда,бүгүн, 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарган.

«Гүлзат Аалиева 21-июнга чейин үй камагында болот. Ал Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалгандыктан аны колдонууга тыюу салынды», — деди Жоошев.

Эске салсак, Гүлзат Аалиева 21-апрелде суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүүнүн үстүнөн 19-февралда милицияга арыз келип түшкөн. Шаар тургуну аны Фейсбуктагы баракчасы аркылуу диний жана аймактар аралык кастыкты козутууда деп айыптаган. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен катталган.

Ошондой эле Бишкек ШИИББдин кызматкерлери шектүүнү — 1973-жылы туулган А.Г.ны кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Корутундуга ылайык, шектүүнүн билдирүүлөрүндө кайсы бир динге же ал динди тутунган инсанга чагымчылдык кылган, бир динге жана аны тутунган адамдарды кемсинткен белгилер бар экени аныкталган.

Количество просмотров: 109