• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сот журналист Аттокуровду үй камагына чыгарды

11 Бирдин айы 2024 19:08 Бишкек Govori.TV

Журналист Эрмек Аттокуровдун бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кечээ чыгарылган. Аттокуровду үй камагына алууну Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча тергөөчүсү өтүнүч келтирген.

«Журналистке 28-февралга чейин Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан сыртка чыгууга чектөө коюлду»,-деп билдиришти соттон.

Аттокуров өзүнө коюлган айыптарды толук четке каккан.

Эске салсак, Аттокуров буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шектүү катары кармалган.

Эрмек Аттокуров 2023-жылдын март айында кошунасы аны үйүнөн сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү чара көрбөй жатканына даттанган. Ошол эле учурда Эрмек Аттокуровдун кошунасы “таштандыны менин үйүмдүн алдына тыштайсын” деп ур-токмокко алганын айтып арыз жазган.

Бул иш боюнча Сокулук райондук соту былтыр Эрмек Аттокуровду күнөлүү деп таап, 30 миң сом айып салган. Ал бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылып, облустук сот тараптардын жарашуусуна байланыштуу ишти кыскарткан.

8-февраль күнү Фейсбуктагы баракчасына “ага каршы Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясы чагымчыл иштерди даярдап жатканын” жазган.

Кошумчалай кетсек, Аттокуров буга чейин “Бешинчи каналда” жана НТС телеканалында журналист болуп иштеген.

Количество просмотров: 81