• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Фейсбуктан бошобойсуңар». Депутат вице-мэрди сынга алды

10 Кулжа 2021 16:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясында иштегендер пиарды гана билишет, вице-мэрлердин Facebook тармагынан башы чыкпайт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат «Коопсуз шаарда» Бишкек шаарынын мэриясынын миссиясы эмнеде?» деп сурады.

Ага жооп беген вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: «Биздин негизги миссиябыз жол чийиндерин чийип беребиз, мамыларга коюуга уруксат беребиз. Ижара акысы бизге төлөнөт. Жалпысынан айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы мэриянын бюджетине түшөт», — деди.

«Мэрия жазында каражат коротуп жашылдандырган жерлерди кайра кесип, гранттык каражатка салынган жаңы жолдорду бузуп камера орнотууга жер берип жатышат. Мэрияга жалаң пиарчыларды гана алып алган, эртеден кечке кооз сүрөткө түшкөндү билишет, бирок иштей алышпайт. Бул жерде жашылдандыруу, жол, инфраструктура, ирригация бузулуп жатат. Мэрияга сүрөттөрү менен жөнөткөм. Бирок ошону тейлеген вице-мэрлердин Facebook тармагынан башы чыкпай жүрөт», — деди Жээнчороев.

Количество просмотров: 764