• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Феликс Кулов: Атамбаевдин Жээнбековду сындаганы – аша чапкандык болуп калды

3 Чын куран 2018 8:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.04.2018.Govori.TV.
Саясатчы Феликс Кулов мурунку жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиле башка нукка бурулганына өкүнгөнүн билдирди.
Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун кара мышык аралаганы жөнүндө күдүк кептер көптөн бери эле айтылып келе жаткан. Арийне, эки тарап тең тикелей же кыйыр түрдө муну жокко чыгарып келишкен. Анткен менен КСДПнын съездинен кийин жана Алмазбек Атамбаевдин басма сөз жыйынында мураскеринин иш ыкмаларын катуу сынга алышынан улам көмүскөдөгү көшөгөнүн бети ачылгандай болду.
Алмазбек Шаршенович азыркы президенттин дарегине ачыктан-ачык эле бир топ жагымсыз кептерди айткандан кийин жергиликтүү саясат таануучулардын көпчүлүгү эми бул экөөнүн ортосунда тирешүү болоорунан күмөн санабай тургандыгын айтып чыгышты.
Саясатчы Феликс Кулов да ушундай эле пикирде. Анын сөзүнө караганда, макамы өзгөрүлгөнү менен Атамбаев баягы эле кейпинен жазбаптыр – мурдагыдай эле өзүнүкүн бербейт, башкалардын пикирин сыйлабайт, ар кимге асыла кетмей адаты дале  калган эмес.
— Эгер мурда саясий оппоненттерине каршы туруу үчүн ушунтип жулунуп сүйлөп келди десек, президенттиктен кеткенден кийин деле ушинтип асыла кетмейи аша чапкандык болуп калды. Мен өзүм аны сабырдуулук кармап, кыргыз мамлекеттүүлүгү жаатындагы илимий изилдөө иштери менен алек болот го деп ишенгем. Канткен менен ал көтөрүп чыккан алтай тематикасындагы жетишкендиктери көп нерседен үмүттөндүрүп, урматтоого татыктуу маселе эле. Ушул жаатта аракет кылса, саясатка кайрылып келгенине караганда көбүрөөк ийгиликтерди жаратмак, элдин урмат-сыйы да бийик болмок. Бирок, тилекке каршы, ал башка жолго түшүп, өзгөнүн пикирин сыйлай албаган сынчы сөрөй катары образына кайра кирип кетти, — деп баса белгиледи Кулов.
Феликс Шаршенбаевичтин пикиринче, Атамбаевдин мынча жаны кашайып сындаганына Жээнбековдун күч түзүмдөрүнө карата айткан сыны себепчи болду.
«Экс-президент бул айтылган сынды өзүнүн ишмердүүлүгүнө карата айтылды деп кабыл алганы чеки болуп калды. Анткени Сооронбай Шарипович өз сөзүндө ал жөнүндө эмес, сот тутуму жөнүндө сөз кылган. Анын мынча күйүп-бышып кабыл алышы – болгону актанууга кылган аракети экени көрүнүп турат. Анын үстүнө, азыркы мамлекет башчысы учурунда Атамбаев илгерилетүүгө аракет кылган жаңы кылмыш-жаза жана кылмыш-процессуалдык кодекстин күчүнө киришин бир жылга жылдырып койгону да анын намысына тийип калды окшойт. Бирок мен бул абдан туура чечим болду деп эсептейм. Мыйзам канчалык мыкты жазылбасын, аны ишке ашыруу үчүн каржы маселеси чоң ролду ойной турганы маалым эмеспи. Ал эми азыркы тапта өлкөбүз бул жагынан бир аз аксап турат. Анын үстүнө бул мыйзамдарды даярдоодо прокурорлор, тергөөчүлөр ж.б. адистер менен баштапкы иш эске алынбай калган. Алар баары бир 2018-жылдын 1-январына чейин бул иштерди аягына чыгара алышмак эмес. Буга ким күнөөлүү? Мамлекет башчысын буга күнөөлөөгө болобу?»– дейт Кулов.
Саясатчынын пикиринде, сунушталган түзөтүүлөр рейдерлик тартып алуулар менен экономикалык көйгөйлөрдүн жаңы айлампасына алып келиши ыктымал болчу.
— Алардын жакшы жактары көп, бирок анчейин ойлонулбай калган жерлери да жок эмес. Айталы, жарандык эмес, кылмыш иштеринин алкагында тергөөчүлөр ишканаларды жаап кое алат. Ал эми бул болсо сот өндүрүшүнүн таптакыр башка ыкма менен ченемдери эмеспи. Ошондуктан, Жээнбековдун бул иште анча шашылбаганы туура чечим болгон. Чечим кабыл алуудан мурда практиктердин сөзүн да уга билүү зарыл, — деп тактап койду ал.
Ал эми мурунку президенттин мамлекет башчысынын дарегине сын пикир айтышынын өзүн Феликс Кулов туура эмес болуп калды деп эсептейт.
«Эгер кандайдыр бир таарынычтар болсо, коомчулукка алып чыкпай эле көзмө-көз сүйлөшүп, чечишип алса болмок. Анын үстүнө, Сооронбай Шарипович аны мынчалык айыптагандай эч кандай мамлекетке каршы же кылмыштуу иш жасаганы жок. Ал эми тууганчылык маселесине жана бир тууганы Асылбектин депутаттык мандатына келсек, ал агасы Сооробай Шарипович президент болгонго чейин эле депутат болуп шайланган. Демек, туугандарын бийликке аралаштыра баштады дегени туура эмес. Ошондой эле Асылбектин мамлекеттик чечимдерге кийлигишкени туурасында эч кандай фактылар жок. Жогорку Кеңештин спикери болуп турган мезгилинде да эч кандай чагымчылык иштерди жасаган эмес. Ошол эле учурда анын шайлоочуларынын алдында өзүнө алган милдеттенмелери бар эмеспи. Өзгөчө өлкө түштүгүндө анын электораты көп экендиги белгилүү. Эл аны анын агасы президент болгонго чейин эле ишеним артып, шайлап алган. Ал гана эмес ошол эле КСДПнын өзүн да шайлоо учурунда олуттуу добуш менен камсыздашкан. Ошондуктан, аны үй-бүлөлүк режимге ыктуу деп айыптоо таптакыр туура эмес», — деп эске салды Кулов.
Мураскорун сындап, анын тегерегиндеги кошоматчылар туурасында сөз кылган жана саясатка кийлигишкен жокмун деген Алмазбек Шаршенович анын өзүнө системалуу түрдө Жээнбековдун ар бир кадамы туурасында маалыматты “жеткирип” тургандар бар экендигин ачыктап алды, деп эсептейт Кулов.
— Ал “шейшембиде “Таза коом” боюнча маселе экинчи окулушунда каралышы керек болчу, анда парламенттин ролу башкача чагылдырылган”,- деди. Демек, президенттин аппаратында бир “келемиш” отуруп алып, экс-президентке бардык документтерди, анын ичинде жаңыдан каралып жаткандарын да ысыгын суутпай жеткирип турат экен да. Бул болсо анын адамгерчилик, адеп-ахлак жагын оозанбаганда да, бери эле дегенде мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуу эмеспи. Бул анын Атамбаевге жагалданам деп өзүнүн президентин буттан чалып жатканы да. Анан мындай жагдайда экс-президенттин иш-аракетин кандайча түшүнсө болот? – деп белгиледи Кулов.
Эң башкысы – Сооронбай Жээнбековду кемсинтип, анын макамын сыйлабагандык болуп калды, — деп кошумчалады саясатчы.
— Ушул теманын тегерегинде, ошондой эле Коргоо кеңешиндеги чыгып сүйлөгөн сөзү боюнча айтып жатып, партиянын жаңы лидери Жээнбековду маанилүү маселелерди жөндөй албаган даярдыгы жок адис катары көрсөтүүгө далалат кылды. Кыргызстандын президентине карата мурдагы жетекчиден мындай нукта сын айтылышы – барып турган аша чапкандык болуп саналат, — деп баса белгиледи Кулов.
Феликс Шаршенбаевичтин ишениминде, Атамбаевдин мураскерине мынчалык эмоционалдуу сын айтканынын дагы бир себеби анын иш-аракеттерин көзөмөлдөй албай калгандыгына байланыштуу болуп саналат.
-Бул айкын эле көрүнүп калды. Коргоо кеңешинде “башка” сөз айтылып калды дегендин өзү муну айгинелеп турат. Жээнбеков жактырбай койгон документ президенттин аппараты тарабынан даярдалган болчу. Анда күч түзүмдөрүнө карата эч кандай сын камтылган эместиги чын болушу керек. Ошол мезгилде президенттик аппаратты дал ушул Фарид Ниязов жетектеп турган. Коргоо кеңешиндеги сөздөн кийин ал анын пикири менен эч ким эсептешпей тургандыгын түшүнүп, отставкага кетүү арызын жазды. Булардын баары буга чейин ушак-айың катары айтылып келсе, эми реалдуу чындыкка айлана баштады. Жээнбековдун өз алдынча, жеке пикирин жана позициясын карманып чечим кабыл алышы Алмазбек Шаршеновичтин күчтүү эмоцияга алдырышына түрткү болду, — дейт Кулов.
Саясатчы 23 жылдык достукка карабастан, жаңы президент өз жолун түптөп, ошол чыйыры боюнча алдыга кадамдоосу зарыл деп эсептейт.
«АКШ президентинин иниси Эдвард Кеннеди айткандай: «Улуулардын кеңешин сыйлай бил, бирок өзүң каалагандай иш жаса”. Ошондуктан  Жээнбеков, бир жагынан, өзүнүн саясий карьерасы үчүн кимге ыраазы болушу керектигин түшүнүп, бирок ошол эле учурда тараза ташында достук алдындагы моралдык милдеттенмелер, ыраазычылык менен катар эле эл алдындагы милдеттенмелери да тургандыгын эстен чыгарбоосу зарыл. Демек, акылгөйлүк менен иш кылып, Алмазбек Шаршеновичке кеңештери үчүн ыраазычылык билдирип, тирешпестен эле өзүнүн принциптерине жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына ылайык чечим кабыл алууну улантуу зарыл деп эсептейм. Президент да ушундай иш кылат деп үмүттөнөм», — деп сөзүн жыйынтыктады Феликс Кулов.
Жакын арада Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда кайрадан достук мамиле жанданышын күтүүнүн кажети жок экендиги түшүнүктүү. Мурдагы “журт атасынын” сөздөрүнө азыркы мамлекет башчысы кантип жооп кайтара тургандыгы жакында билинмекчи.
Количество просмотров: 40