• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Феликс Кулов: Мен бул долбоорду жаңы Конституция деп атай албайм

18 Жетинин айы 2020 12:57 Бишкек Govori.TV

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны сынга алагандардын катарында саясатчы Феликс Кулов бар. Кулов өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Мен бул долбоорду жаңы Конституция деп атай албайм, анткени, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилгенден башка, беренелердин дээрлик көпчүлүгү сакталып калган. Мындан тышкары Курултай пайда болду. Редакциялык өзгөртүүлөр бир гана максат менен жасалгандыгы белгилүү болду: жаңы бийлик өлкөнүн жаңы Негизги мыйзамын жаратканы жөнүндө көрсөтүү” – деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.

Количество просмотров: 225