• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Феликс Кулов, саясатчы: “БШК мыйзамдарга таянып, Салянованы мандатынан ажыратпоо чечимин кабыл ала алат”

26 Бирдин айы 2018 16:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV
“Депутат Аида Салянованы мандатынан ажыратуу боюнча мыйзамдык кайчылаштыктар бар, ошондуктан, муну БШК карап чыгып, балким мандатынан ажыратпоо чечимин кабыл ала алат”. Бул сөздү экс-депутат Феликс Кулов депутат Аида Салянованы БШКнын мандатынан ажыратууга укугу жоктугу туурадуу актоочу Канат Азиздин билдирүүсүнө пикир катары жазды.
Анын айтымында, КРнын Конституциясына ылайык, соттун кылмышка шектүүнү күнөөлөгөн өкүмү чыккан соң депутат мандатынан ажыратылат. Бирок, ал өкүмдү аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган болсо, демек, соттолуучу азыркы иштеп жаткан жумушун ошол жаза аткаруу мөөнөтү келгенге чейин уланта алат.
“Эгер, БШК депутатты мандатынан ажыратпоо боюнча чечим кабыл алса-бул укуктук эмес саясий чечимдерди алган, чөнтөк соттордун ыплас ишмердигине карата чоң каршылык прецеденти болуп калат эле. БШК саясий эмес укуктук чечим кабыл алышы керек”,-дейт. Феликс Кулов.
Эске сала кетсек, ушул жумада БШКнын мүчөлөрү депутат Аида Салянованын мандатынан ажыратууу маселесин карашы мүмкүн экенин Абдыжапар Бекматов билдирген эле.
Количество просмотров: 26